Украинадагы аскердик кагылышта каза болгон Эгемберди Дорбоевдин сөөгү жерге берилди
Украинадагы аскердик кагылышта каза болгон кыргыз жигитинин сөөгү кичи мекенинде жерге берилди. Эгемберди Дорбоевди акыркы сапарга узатуу бүгүн, 25-мартта Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында орун алды.
Белгилей кетсек, Украинадагы аскердик кагылышта 20 жаштагы кыргыз улутундагы Эгемберди Дорбоев аттуу Орусиянын жараны каза болгон.
24-мартта Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Кыргызстанга алып келинген. Маркумдун сөөгү Канттагы авиабазадан Кара-Ой айылына жеткирилип, аны Орусиянын аскер кызматкерлери коштоп барышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.