super.kg logo

"Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу түзүлдү

 

"Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

"Өзгөн" мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу түзүү чечими тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жана өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Белгилесек, буга дейре "Өзгөн" археологиялык-архитектуралык комплекси “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин карамагында болгон жана кандайдыр бир деңгээлде аны өнүктүрүүгө тоскоолдук келтирген.

Эске салсак, орто кылымдардагы Өзгөн чалдыбары эң алгачкы жана башкаруучунун резиденциясы орун алган чептен (Орто-Коргон же Өзгөн-3) жана Кара-Дарыя суусунун түндүк жээгинде жайгашкан шаарлардын аймагын түзгөн үч шахристан (Өзгөн-1, 2, 4) турат. Шаар VII -VIII кылымдарда пайда болуп, X кылымда Караханиддер мамлекетинин батыш бөлүгүнүн борбору болгон жана кийин XVI кылымга чейин шаар катары турган.

Үч күмбөз, мунара жана үч шахристандын калдыктары сыяктуу Борбордук Азиянын тарыхынын жана маданиятынын уникалдуу эстеликтери жайгашкан “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун түзүлүшүнүн максаты - бул объектилерди келечек муундар үчүн сактоо жана туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: