Министрлер кабинетинин башчысына Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун 34 долбоору сунушталды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коому 34 долбоорду сунуштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Уюмдун президенти Елена Калашникова фонддун 2022-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.
Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы 34 долбоор ишке киргизилет, анын ичинде 10 инфраструктуралык долбоор, 9 маалыматтык долбоор, ошондой эле туризм секторунун тутумун түзүү боюнча долбоорлор, ата мекендик туризм индустриясын жакшыртууга жана тармакка инвестиция тартууга багытталган ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлор бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.