super.kg logo

Министрлер кабинети: "Гавриловка айылындагы орто мектептин имаратынын сатылышы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт"

 

Министрлер кабинети президент 23-октябрдагы маалымат жыйынында Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылындагы орто мектептин имаратынын сатылышы тууралуу айтылган маалыматка байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирди.

Гавриловка айылындагы орто мектептин имараты 1967-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков атындагы колхоз тарабынан курулган.

1992-жылы колхоздордун өзгөртүп уюштурулушуна байланыштуу орто мектептин жана клубдун имараты жаңыдан түзүлгөн Шопоков атындагы кооперативдин балансына өткөрүлгөн.

30 миллион сомдон ашык түзүлгөн дебитордук карызга байланыштуу Шопоков атындагы кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу карызды төлөө үчүн мектеп имаратын сатуу чечимин кабыл алган.

2007-жылы Билим берүү жана илим министрлиги республикалык бюджеттин эсебинен Гавриловка айылындагы орто мектептин имаратын сатып алган.

Өкмөттүн чечими менен 2012-жылы аталган имарат Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген.

Башкы прокуратура тарабынан орто мектептин имаратынын сатылып алынышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган жок.

Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан орто мектептин имаратына укук белгилөөчү документтерди каттоо иштери жыйынтыкталып жатат.

2007-жылы "Шопоков" атындагы кооператив тарабынан Гавриловка айыл өкмөтүнө бекер өткөрүлүп берилген трансформатордук көмөкчордондорду жана суу түтүктөрүн жеке жакка сатуу фактысы боюнча Сокулук районунун прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Клубдун имараты (Маданият үйү) маселеси боюнча билдирсек, бул объект 1992-жылдан бери Шопоков атындагы кооперативдин менчигине таандык болуп, административдик имарат катары колдонулуп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: