super.kg logo

Атамбаевдин жактоочусу Эдил Байсаловду дуэлге чакырды (видео)

 

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду дуэлге чакырды. Мындай пикирин Жоошев социалдык тармактагы видео кайрылуусунда айтты.

"Ушул видео аркылуу урматтуу Эдил Байсалов мырзага кайрылам. Сиз мамлекеттик кызматкер болуп туруп, бирок мамлекеттик кызматкер катары эмес, социалдык тармак аркылуу "Алмазбек Атамбаев 2019-жылы мыйзамга баш ийбей койгон, ошондуктан аны курал менен барып алып келүүгө мажбур болгон. Азыр дагы колонияда мыйзамга баш ийбегендиктен сотко күч менен алып келип жатышат" деген маалымат таратып жатат.

Атамбаев ошондо жана азыр мыйзамга баш ийбей жатат дегенди далилдеп бере алам десеңиз, каалаган жериңизде дискуссияга чакырам. Сөзүңүзгө жооп бере алсаңыз айтыңыз, кайсы жерде кезигишели?", - деди Жоошев.

Буга чейин Эдил Байсалов Алмазбек Атамбаев өзүн мыйзамдан дагы жогору коюп жатканын айткан.






Замир Жоошев Эдил Байсаловду дуэлге чакырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: