super.kg logo

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын төрөт стационары медициналык жабдууларга болгон муктаждыгы чечилгени айтылды

 

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын төрөт стационары медициналык жабдууларга болгон муктаждыгы чечилди. Бул тууралуу стационардын башчысы Асылкан Асанова журналисттерге билдирди.

"Бүткүл түштүк аймагы боюнча оор абалдагы кош бойлуулар бизге жөнөтүлөт. Ушул жерде жардам көрсөтүлүп, төрөт кабыл алынат. Бир жылда пандемия учуруна чейин 8 жарым миңден 9 миң төрөт кабыл алынчу. 2020-жылы пандемиялык чектөөлөргө байланыштуу 7 жарым миңдей төрөт кабыл алынат. ЮНИСЕФ тарабынан стацонарга айына жетпей төрөлгөн баланын дем алдыруусун жеңилдетүүчү 8 аппарат, балага ийне салып анализ албоо үчүн атайын аппарат берилди. Мындан тышкары документтерди сактоо үчүн темирден шкафтар, сканер, принтер, компьютер тапшырылды. Бизде медициналык аппараттарга муктаждык аябай жакшы чечилди", - дейт Асанова.

ЮНИСЕФ 23-24-мартта Ош шаарына жана Ноокат районуна пресс-тур уюштурду. Анда Ноокат жана Оштун оңдолгон төрөт үйлөрүн, ымыркайлардын өмүрүн сактап калчу жабдуулар көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: