super.kg logo

Бишкектеги мекемелерде мыйзамсыз орнотулган тосмолор алынууда

 

Борбор калаанын көчөлөрүндө жана шаардагы мыйзамсыз орнотулган объекттерди тартипке келтирүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз деп эсептелген Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тосмолорун өз ыктыяры менен оңдоо үчүн мекеме жетекчилигине эскертүү берилген. Тилекке каршы, эскертүү аткарылбагандыктан аталган мекеменин тосмолорун алуу иштери башталды.

Алынган тосмолор айып базасында болот. Ээлери оңдоого кеткен чыгымдарды толук төлөгөндөн кийин мүлктү ала алышат”, - деп билдиришти мэриядан.

Белгилей кетсек, Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетине эскертүү түшкөндөн кийин мекеменин жетекчилиги тосмолорду өз ыктыяры менен алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: