super.kg logo

"Бул күндү аябай күткөм" дейт Кызсайкал Кабылова

 

Бүгүн, 26-мартта ырчы Кызсайкал Кабылованын тушоо кесүү концерти өтүүдө. Шоу менен коштолгон концерттин ачылышы Кызсайкалдын өмүр баянын баяндоодон башталды.

Калың элдин алдында ырчы балалыгы, алгачкы иши, жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөндөн кийинки күндөрүн, пол, идиш жууп, жалданып иштеген күндөрүн айтты. Аны менен катар сахнага кайтуусуна себепкер болгон шоу-бизнес өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

"Бул күндү аябай күткөм" деген ырчы жаңы ырларын күйөрмандарынына тартуулады.

Андан соң Кызсайкал Кабылова хит ырлардын жаратуучусу, океандын ары жагындагы ырчы Эрлан Андашев менен дуэт аткарды. Тагыраагы, Эрлан Андашев АКШдан онлайн ырдады.

Концерттеги алып баруучулук тизгин Самат Эркинбеков менен Канат Шабданбеков болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: