super.kg logo

Кызсайкал Кабылова концертинде көрүүчүлөрдү ыйлатып, Алмаз Шаадаевди толкундатты

 

Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, ырчы Кызсайкал Кабылова тушоо кесүү концертинде дин аалымы Чубак Жалиловго арнаган ырын аткарып, өзү менен кошо залда отургандарды да ыйлатты.

Концертте конок болгон Алмаз Шаадаев Кызсайкал Кабылова менен дуэт аткарып "өзүмдүн концертимде да мындай толкунданган эмесмин" дейт. Кечеде алып баруучулар "Кызсайкал менен Алмаз кийинки күндөрү чогуу жүрүп калышыптыр" деген узун кептерге тийип өтүштү.

Баса, концертке демөөрчүлүк кылган компаниялардын жетекчилерине сөз берилип, өздөрүн бир сыйра жарнамалап алышты.

Концерттин өткөн жери: Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосу

Башталышы: 18:30 (1 саат 10 мүнөт кечигип башталды)

Коноктору: Сайкал Садыбакасова, Азиз Баатыров, Алмаз Шаадаев

Алып баруучулар: Самат Эркинбеков, Канат Шабданбеков

Өзгөчөлүгү: Жандуу үн менен аткарган ырлары, бир тууганы Эрнис Бөрүбаев менен аткарган "Бир тууган" аттуу дуэти






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: