super.kg logo

Москвада Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата чыгармачыл кече болуп өттү

 
Москвада Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата чыгармачыл кечеден көрүнүш
Москвада кыргызстандыктардын “Ала-Тоо” коомдук уюмунун демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата чыгармачыл кече болуп өттү. Бул тууралуу 26-ноябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Иш-чарага кыргыз, орус адабиятына жана маданиятына белгилүү болгон инсандар катышышты. Алардын катарында жазуучу менен жакындан тааныш болуп жүргөн инсандар Омор Султанов (Кыргызстан), Мумин Каноат (Тажикстан), “Элдер биримдиги” журналынын башкы редактору Александр Эбаноидзе, Түркмөнстандын Эл сүрөтчүсү Владимир Артыков, Ташкенттен барган акын Борис Пак жана башка адабиятчылар катышышты. 
Чыгармачыл кеченин жүрүшүндө катышуучулар жазуучунун адабиятка калтырган мурастары тууралуу сөз кылышты.
 Кече кыргыз, казак, азербайжан, түркмөн, украин элдеринин диаспораларынын концерттик программалары менен коштолду. Кыргызстандан КРнын Эл артисти Керим Турапов, ырчылар Гүлзада Рыскулова менен Каныкей барып, келген конокторго өнөрлөрүн тартуулашты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: