super.kg logo

Алып баруучунун тамашасына кызаңдаган Уилл Смит, Украинадагы абалды эске алган "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү

 

Дүйнөдөгү эң беделдүү "Оскар" киносыйлыгынын бул жолку жеңүүчүлөрү аныкталды. 94чү ирет өткөн сыйлык тапшыруу аземи АКШнын Лос-Анжелес шаарында орун алып, 3 саатка созулду. Иш-чаранын башында Украинадагы аскердик кагылышка байланыштуу жымжырттык мүнөтү болду.


Уюштуруучулар аземдин ачылышы боло электе эле 8 номинациянын (грим жана чач жасалга, оригиналдуу музыка, коюучу, үн, монтаж, кыска метраждуу анимациялык тасма, кыска метраждуу даректүү тасма жана кыска метраждуу көркөм тасма) жеңүүчүлөрүнө статуэткаларды тапшырышты.

Негизги делинген наамдардын жеңүүчүлөрү:

"Мыкты тасма" - "CODA: ребенок глухих родителей"

"Мыкты режиссёр" - Жейн Кэмпион ("Власть пса")

"Мыкты актриса" - Жессика Честейн ("Глаза Тэмми Фэй")

"Мыкты актёр" - Уилл Смит ("Король Ричард")

"Экинчи пландагы мыкты актриса" - Ариана Дебос ("Вестсайдская история")

"Экинчи пландагы мыкты актёр" - Трой Коцур ("CODA: Ребенок глухих родителей")

"Оригиналдуу сценарий" - Кеннет Брана ("Белфаст")

"Мыкты оператор" - Грег Фрейзер ("Дюна")

"Мыкты анимациялык тасма" - "Энканто"

"Мыкты чет элдик көркөм тасма" - "Сядь за руль моей машины"

"Мыкты кыска метраждуу мультфильм" - "Стеклоочиститель"

"Мыкты визуалдык эффект", "Мыкты монтаж", "Мыкты саундтрек", "Сүрөтчү коюучунун мыкты иши", "Мыкты үн" - "Дюна"

Дүйнө жүзү назар салган масштабдуу иш-чарада алып баруучу болгон актёр, куудул Крис Рок Уилл Смиттин жубайын тамашага салам деп жаагына муш жеди. Крис Рок бул окуя боюнча полицияга арызданбай турганын билдирет. Бирок Американын кинематографиялык искусство жана илим академиясы Уилл Смиттин бул жоругун сындады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: