super.kg logo

5 суткага камалган Нурбек Токтакуновдун даттануусу боюнча акыйкатчылар сот отурумуна мониторинг жүргүзүштү

 
5 суткага камакка алынган юрист Нурбек Токтакуновдун апелляциялык даттануусу боюнча акыйкатчылар сот отурумуна мониторинг жүргүзүштү. Бул туурасында Акыйкатчы аппаратынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин жактоочу аны 5 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган Биринчи Май райондук сотунун чечимине даттанган.
"28-мартта Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жактоочу Нурбек Токтакуновдун апелляциялык арызы боюнча Бишкек шаардык сотунда болуп, соттук процесске мониторинг жүргүзүштү.
Акыйкатчынын өкүлдөрү белгилегендей, башында аудио-видеофиксация жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам жактоочунун өтүнүч каты боюнча жазуу жүргүзүлдү. Токтакуновдун апелляциялык даттануусун кароонун жыйынтыгында Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды", - дешти аппараттан.
Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинтти деп Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, беш суткага камакка алуу чечимин чыгарган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: