30-мартка караган түнү үшүк жүрөт
Өлкөдө 30-мартка караган түнү үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үшүк Чүй өрөөнүндөгү дыйканчылык аймактарда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жүрөт. Абанын температурасы -1 градустан -3 градуска чейин төмөн болот. Ал эми Талас облусунда -2... -4 градус суук болушу күтүлөт.
"Аба ырайынын өзгөрүшүнө жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүп, суу каптоо коркунучу бар", - дешет аталган борбордон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.