super.kg logo

Сириядагы лагерде кыргызстандык 115 аял жана 285 бала жашап жатат. Туугандары аларды алып келүүнү өтүнүүдө

 

Террордук топтун алдоосуна кабылып, Сирияга барып калган аял жана балдардын туугандары кыргыз бийлигинен аларды алып келүүнү өтүнүп, маалымат жыйын беришти. Алардын айтымында, Сириянын түндүк тарабындагы Эль-Хасака шаарына жакын жердеги “Аль-Хол” лагеринде кыргызстандык 115 аял жана 285 бала жашап жатат.

Маалымат жыйында “Жардамга колуңду сун” коомдук фондунун жетекчиси Хамида Якубова аталган лагерде кармалып турган 26 жаштагы кызын жана 5 жашар небересин алып келүү үчүн президентке, спикерге, тышкы иштер министрине кат жолдогонун билдирди.

Ал эми аталган коомдук фонддун мүчөсү Парида Кизеева “Аль-Хол” лагеринде күн сайын адам өлүмү катталып жатканын, февраль айында лагерде өрт чыгып, 3 аял жана 4 бала каза болгонун айтты.

Ошондой эле ал жакка азыр гуманитардык жардам дагы жөнөтө алышпай жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары алар бул маселе боюнча Коопсуздук кеңеш, УКМК, ТИМ иш алып барып жаткандыгын, бирок создуктуруп, маселе чечилбей келгенин айтышат.

Буга байланыштуу өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылуу жасашып, “Аль-Хол” лагеринен туугандарын алып келүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: