super.kg logo

Депутат Ташиев мунай иштетүү жаатында заманбап заводдорду куруу керектигин айтты

 

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов баяндама жасап, аткарылган иштер тууралуу учкай маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Шаирбек Ташиев аталган ишкана 2021-жылы 2 миллиард 200 миллион сом киреше алганын белгиледи. "Быйыл канча киреше табууну мерчемдеп жатасыңар?" - деген суроо узатты.

Өз кезегинде Нургазы Нишанов былтыркы жылдын алгачкы эки айында 224 миллион сом таза киреше түшкөнүн, ал эми быйыл январь жана февраль айынын жыйынтыгы менен 522 миллион сом пайда алынганын маалымдады.

"Андай болсо, быйылкы кирешеңер 3 миллиард сомдон ашат деген ишеничтемин. Буга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду да жигердүү аракет көрүшү керек. Баарыбызга белгилүү болгондой, “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 тонналык нефтинин 54-55 пайызынан мазут чыгат. Бирок ошол бойдон экспортко кетет. Башка өлкөлөр ошол мазутту кайрадан иштетип, 24 компонентти өндүрүшөт. Андыктан заманбап технологияларды пайдалануу менен 55 эмес, 10 пайыз мазут гана чыккыдай ишканаларды куруу зарыл", - деди депутат.

Муну менен катар бул жаатта мамлекет тарабынан тийиштүү колдоолор көрсөтүлүшү керектигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: