super.kg logo

Кара-Сууда 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда баасы 320 миллион сом болгон 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 2016-жылы Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги айыл чарба багытындагы 127 гектар аянтты түзгөн жер райондук “Кадастр” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча учурунда прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, жер тилкесине мыйзамсыз берилген укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар келтирилип, толук канааттандырылган.

"Райондук көзөмөл органы тарабынан Шарк айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен баасы 320 миллион сомду түзгөн 127 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: