super.kg logo

"Өзүмдү жаш сезип турам" дейт 60 жашка чыккан "Айкөл" тобунун негиздөөчүсү Советжан Асанкадыров

 

Бүгүн, 30-мартта "Айкөл" тобунун негиздөөчүсү Советжан Асанкадыров 60 жашка толду. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыктык.

"Туулган күнүмдү түшкө чейин кесиптештерим, андан соң үй-бүлөм менен тосом. Өмүр деген учкан куштай өтө берет экен. 60 жашка чыкканда өзгөчө деле сезимдер болгон жок. Өзүмдү жаш сезип турам (күлүп). Кайрат-күчүм барда талыкпай иштей берем", - деди ал.

Көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси, "Айкөл" тобунун негиздөөчүсү, жетекчиси Советжан Асанкадыров 1962-жылы 30-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Көөчү айылында туулган.

Айылдагы 8 жылдык мектепти бүтүргөн соӊ Караколдогу музыкалык окуу жайга тапшырган. Андан ары окуусун Бишкектеги искусство институтунан бүтүргөн.

Эмгек жолун Караколдогу музыкалык окуу жайда мугалим болуп иштеп баштаган. Ал жактан "Айдың көл" деген жыйырма төрт кишиден турган фольклордук топту жетектеген. Көп киши менен гастролго чыгуу оорчулук жараткандыктан, бир солист үч-төрт аспапта ойной тургандай кылып топту кыскартып, 1994-жылы алты баладан турган "Айкөл" тобун түзгөн. Чыгармачылыктан тышкары Кыргыз Республикасынын улуттук маданият борборунун башкы директорунун орун басары болуп иштеген. Андан кийин Бишкек шаарындагы музыкалык мектептин директору болгон.

Учурда Бишкек шаардык мэриянын алдындагы маданият бөлүмүндө эмгектенет.

30-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: