Ырчы Нурлан Алдаяров: "Жубайымдын сиз деп кайрылганы жагат"



"Өмүрлөшүм" долбоорунун бул жолку коноктору ырчы Нурлан Алдаяровдун үй-бүлөсү болду. "Ортобузда 9 жаш айырма бар" деген жубайлар бири-бирин сүрөттөн көрүп ашык болушканын айтышты. "Жубайымдын сиз деп кайрылганы жагат" дейт Нурлан Алдаяров.
"Биз алгач социалдык тармак аркылуу таанышканбыз. Ал жактан дээрлик 1 айга чукул сүйлөштүк. Андан кийин эле Айзадага болгон жактыруу сезимим күчөп, күндөн-күнгө арта берди. Ошентип жолугушууга чакырдым анан жүзмө-жүз көрүштүк. Ортобуздагы жаш айырмачылык 9 жаш. Азыр Айзаданын кийип турган көйнөгү эң алгач жолугушууда кийип чыккан көйнөгү болчу. Анан дагы мага жубайымдын сиз деп кайрылганы жагат", - дейт Нурлан Алдаяров.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.
“Жубайымдын “сиз” деп кайрылганы жагат" дейт Нурлан Алдаяров
Автор: Канимет Данияров
Оператор: Нурбай Самарбек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.