super.kg logo

Арзыбек Кожошев БАЭ экономика министри менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Дубай (Бириккен Араб Эмираты) шаарында өтүп жаткан өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин 8-кеңешмесине катышуу алкагында Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри Абдалла бин Таук Аль-Марри менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин жана айыл чарба, энергетика, туризм жана өз ара аракеттенүүнүн башка тармактарында бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Буга катар кыргыз тарап өкмөттөр аралык биргелешкен кыргыз-эмират комиссиясынын 2-жыйынын өткөрүү, Кыргыз Республикасы-БАЭ Ишкер кеңешинин алкагында эксперттик жолугушууларды, бизнес-делегацияларды, бизнес-форумдарды үзгүлтүксүз өткөрүү аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, өкмөттөр аралык акселератор боюнча биргелешкен жумушчу эксперттик топтун ишин активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Тараптар ортосундагы пикир алышууда ушул жылдын биринчи жарымында БАЭ экономика министри Абдалла бин Таук Аль-Марринин бизнес-делегация менен Кыргыз Республикасына пландаштырылып жаткан сапарына басым жасалды.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган кызматташуу багыттарын иш жүзүнө ашыруу максатында тыгыз жумушчу байланыштарды улантууну макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: