super.kg logo

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы: "Орозо кармаган жарандарга эмдөөдөн өтүүгө болот"

 

Орозо кармаган жарандарга эмдөөдөн өтүүгө болот. Себеби эмдөөдөн орозо бузулбайт жана ооз ачылып калбайт. Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына таянып, республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын өтө оор формасына чалдыгып, орозо кармаганга дарамети жетпесе, анда ал адамга орозо кармабаганга уруксат берилет.

Ошондой эле эгерде күндүзгү убакта адамга маал-маалы менен дары-дармек ичиши керек болсо, орозону токтото турууга мүмкүн. Бейтап оорудан толук айыгып чыккандан кийин орозону кармашы керек.

Дин башкармалыгы адам кандай гана абалда болбосун, сөзсүз дарылап жаткан дарыгери менен кеңешүүсү зарыл экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, быйыл Рамазан айы 2-апрелде башталмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: