super.kg logo

20дан ашуун эл аралык сыйлыкка татыган "Шамбала" тасмасынын гала аземи өттү

 

Эл аралык беделдүү фестивалдарга катышып, 24 сыйлыкка ээ болгон "Шамбала" тасмасынын гала аземи болду. Режиссёр Артыкпай Сүйүндүков көркөм тасманын айрым жерлерине оңдоолор киргизилгенин белгиледи.

Тасма элдин назарына коюлардан мурда тасманы тартуу иштери, эл аралык сынактардагы жеңиштери жөнүндө баян болду. Тасманын бет ачары Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде орун алып, ага окуу жайдын жетекчилиги, Роза Айтматова, КТРКнын директору Кайрат Иманалиев жана тасма жаратуучу топ катышты.

Гала аземде режиссёр Артыкпай Сүйүндүковго окуу жайдын жетекчилиги төш белги такса, Кайрат Иманалиев КТРКнын отличниги медалы менен сыйлады.

"Шамбала" тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын "Ника" киносыйлыгын жеңип алган. "Оскар" киносыйлыгына да көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: