super.kg logo

Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти жетектеди

 

Министрлер кабинети кезектеги кеңешмесинде Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө чечимди жактырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Координациялык кеңешти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт.

Белгилесек, кеңештин негизги максаты макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасын стабилдештирүү жана туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин мүчөлөрү 10дон ашуун маселени карады.

"Белгилүү болгондой, министрлер кабинетинин алдына чоң милдеттер коюлган. Биринчи кезекте бул билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын олуттуу түрдө жогорулатуу боюнча президенттин тапшырмасын аткаруу болуп саналат. Мындан тышкары, экономикалык чөйрөдө алдыдагы реформаларды жүргүзүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, өнөр жай жана инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Мамлекеттик башкаруу тутумунда натыйжалуулук, чечимдердин сапаттуу жана ыкчам кабыл алынышы талап кылынат", - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле министрлер кабинети чечим кабыл алып, ага ылайык, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы өткөрүү пункту, бажы көзөмөлү жана "Ысык-Көл" аэропорту авиакомпанияларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында күнү-түнү иштей турган болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: