super.kg logo

Бишкекте троллейбустардын санитардык абалы текшерилди

 

Бишкекте троллейбустардын санитардык абалы текшерилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия кыймылдуу курамдын санитардык абалын текшерди.
Алар транспорттун санитардык абалы, жүргүнчүлөрдүн беткап тагынуу режимин сактоосун карашты. Иш учурунда айдоочулардын жүрүм-туруму да текшерилди. Кээ бир троллейбус айдоочулары унаа айдап баратканда телефон чалган үчүн эскертүү алышты.
Рейддин жүрүшүндө жалпысынан линияда иштеген 133 троллейбус текшерилди. Айдоо эрежелерин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга айып пул салынды.
Текшерүү саат 08:00дөн 11:00гө чейин жүргүзүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: