Ош шаарына 5 жаңы өрт өчүрүүчү унаа берилди

Бүгүн, 30-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгына жаңы өрт өчүрүүчү унаалар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Шаардын борбордук аянтында атайын унааларды кабыл алуу болуп, ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Жунус Жумабаев жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.
Бул өрт өчүрүүчү унаалар шаар аймагындагы өрткө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында Кыргыз мамлекетине 58 даана өрт өчүрүүчү унаалар алып келингени маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.