super.kg logo

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Ислам банкы тобунун төрагасы менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өтүп жаткан өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин 8-кеңешмесине катышуу алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун төрагасы Мухаммад Сулейман Аль-Джасер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын февраль айында өткөн жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы жана инфраструктураны өнүктүрүү, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана жеке секторду колдоо сыяктуу түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, Ислам өнүктүрүү банкы ата мекендик экономиканы чыңдоого жана элдин жыргалчылыгын жогорулатууга чоң салым кошууда.

Өз кезегинде финансы-кредиттик мекеменин төрагасы биздин өлкө менен мындан ары ийгиликтүү кызматташууга жана банктын Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго катышуусуна ишенимин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: