Жетишип калыңыз. Бүгүн декларация тапшыруунун акыркы күнү
Бүгүн, 31-мартта бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, салык органдары декларацияны түнкү саат 12:00гө чейин кабыл алышат.
Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жеке жактар аны 18:00дөн кийин тапшыра алышат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.
Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер;
- салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери;
- юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.