super.kg logo

Улуу Британияда ишке орношуу үчүн Кыргыз жарандарына миң квота бөлүндү

 

Быйыл Улуу Британияда айыл чарба жумуштарына ишке орношуу үчүн Кыргыз жарандарына 1000 квота бөлүндү. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

"Улуу Британиянын "Agri-HR" компаниясы менен келишим түзүлдү. Келишимге ылайык, Кыргыз жарандары 6 айлык мөөнөттө айыл чарба жумуштарына орношконго мүмкүнчүлүк алып жатат. Аталган программа Улуу Британиянын мамлекеттик программасы. Алар менен 2024-жылдын аягына чейин келишим түзүлдү. Азыркы учурда 1000 квота бөлүндү.

Жумушка орношууну каалагандар 18 жаштан жогору болушу керек. Тандоону "Agri-HR" компаниясы ишке ашырат", - деп билдирди Акматбеков.

Программа өтүү шарттары тууралуу шилтеме аркылуу кирип маалымат алса болот.

Улуу Британиянын айыл чарба тармагындагы жумушуна жумушчуларды тартуу боюнча мамлекеттик программасы 5 жылда бир өзгөрүп турат. Акыркы өзгөрүү 2019-жылы болгон. Анда Кыргыз өлкөсү Улуу Британияда иштөөгө мүмкүнчүлүк алган өлкөлөрдүн катарына кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: