Бурса шаарында ТҮРКСОЙдун кезектеги жыйыны өтүп жатат. Ага маданият министри катышууда









Бүгүн, 31-мартта Түркиянын Бурса шаарында ТҮРКСОЙ уюмунун кезектеги жыйыны өтүп жатат.
Быйыл Бурса шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп белгиленген. Мындан улам бардык иш-чаралар аталган шаарда өтүүдө.
Аталган жыйынга Кыргыз өлкөсүнөн маданият министри Азамат Жаманкулов, жазуучу Султан Раев катышууда.
Анда министр Азамат Жаманкуловго сөз берилип, ал уюмдун алдыдагы иштери тууралуу айтып өттү.
Ошондой эле министр Азамат Жаманкулов ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчылыгына Султан Раевдин талапкерлиги буга чейин көрсөтүлгөнүн айтты.
Белгилей кетсек, быйыл Бурса шаарында Көчмөндөр оюну өтөт.
Бурса шаары Түркиянын байыркы тарыхый шаарларынын бири.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.