super.kg logo

Акылбек Жапаров менен БУУнун туруктуу координатору кризиске каршы чаралар тууралуу талкуулашты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен улуттар уюмунун системасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Пикир алышуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров акыркы глобалдык экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында БУУ тутумунун иш-аракеттеринин өлкөлүк планын өзгөртүү зарылдыгына токтолду.

Өз кезегинде Озонниа Ожиело жакында министрлер кабинети тарабынан бекитилген Антикризистик пландын сапаттуулугун белгилеп, анда калк турмушуна тийиштүү бардык маанилүү аспектилер жана багыттар камтылгандыгын жана ал өз учурунда кабыл алынгандыгын билдирди.

Ошондой эле Озонниа Ожиело министрлер кабинетинин башчысына учурда БУУ тутумунун программаларынын ар кыл тармакта ишке ашырылышы боюнча маалымат берди.

БУУ өкүлү белгилегендей, дүйнө жүзүндө азык-түлүккө жана күнүмдүк керектелүүчү товарларга карата баалардын кескин жогорулашы байкалууда жана бул өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин өкмөттөрү үчүн олуттуу чакырык болуп саналат.

Жолугушуунун катышуучулары тышкы таасирлерди жумшартуу жана калктын аяр катмарынын жакырчылыкка дуушар болушунун алдын алуу боюнча зарыл чараларды кеңири талкуулады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: