super.kg logo

Акылбек Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчини кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына дипломатиялык миссиясын аткаруу үчүн жөнөп жаткан Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын бириккен королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улан Жусуповду кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, биздин республика дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын жана Королева Елизавета II таажы кийишинин 70 жылдык юбилейин утурлай кыргыз-британ эки тараптуу мамилелеринин ырааттуу өнүгүшүнө өзгөчө маани берет.

«Дипломатиялык чөйрөдө сиздин чоң тажрыйбаңыз жана тийиштүү кесипкөй жөндөмүңүз бар. Өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан Бириккен Корролдуктагы дипломатиялык миссиянын алдына коюлган милдеттер өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарыла тургандыгына ишенем. Финансы-банк секторунда байланыштар тармагын активдештирүү маселесине өзгөчө көңүл буруу керек. Элчиликтин ишинин маанилүү бөлүгү катары маданий-агартуу тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо саналышы керек», – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттар боюнча бир катар тапшырмаларды берип, Улан Жусуповго ишиндеги ийгиликтерди жана элчиликтин алдына коюлган милдеттерди ишке ашырууда жетишкендиктерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: