super.kg logo

Быйыл Корея өлкөсү Кыргыз жарандары үчүн 1 800 жумуш орунга квота бөлдү

 

Быйыл Түштүк Корея өлкөсү Кыргыз жарандары үчүн 1 800 жумуш орунга квота берди. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

"Түштүк Корея өлкөсү менен 2007-жылдан бери келишим менен иштеп келе жатабыз. Келишимге ылайык, биздин жарандар Кореяга барып 4 жыл 10 айга чейин иштеп келгенге мүмкүнчүлүк алат.

15 жылдын ичинде 5 миңден ашуун Кыргыз жарандары Кореяга барып ийгиликтүү иштеп, жаңы технологияларды өздөштүрүп келишти.

Быйыл Түштүк Корея өлкөсү фабрика, заводдордо иштөө үчүн Кыргыз жарандарына 1 800 квота бөлүп берди. Жарандар тандоо туруна катышса болот.

Азыр дагы өзүбүздүн программабызды улантып жатабыз", - деди Акматбеков.

Толук маалыматты шилтемеден алса болот. Тандоо туруна катышуучуларды каттоо акысыз түрдө жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: