Бишкекте велосезондун ачылышына байланыштуу айрым көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабылат

Маалыматка ылайык, 3-апрелде төмөнкү көчөлөрдө унаалардын кыймылы токтотулат:
- саат 10:00дөн 10:25ке чейин А.Токомбаев көчөсүнүн түштүк тарабы (түштүк магистраль) Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан Нуркамал көчөсүнө чейин;
- саат 10:25тен 10:50гө чейин А.Токомбаев көчөсү Нуркамал көчөсүнөн Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин.
Велосипед колоннасынын маршруту Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан А.Токомбаев көчөсү менен (түштүк тарабы) өтүп, Нуркамал көчөсүнө бурулуп, А.Токомбаев көчөсүнөн (түндүк тарабы) ылдый Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин барат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.