super.kg logo

Президент: "Балыкчы-Кочкор тилкесинин курулушу экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү өбөлгөлөрүнүн бири"

 

"Бүгүн темир жол долбоорунун Балыкчы-Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз", - деди президент Садыр Жапаров. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы темир жолду төшөө бара-бара андан ары уланып, Макмал аркылуу Жалал-Абадга жетип, өлкөнүн түндүк-түштүк бөлүгүн бириктириши керек экенин белгилеп, ошондо гана бул жол Кыргыз мамлекетине толук кандуу иштеп, пайда берип турган жол болорун кошумчалады.

"Иштин башталышы анын жарымынын бүтүшүнө тете" дегендей, аталган темир жол долбоорунун Балыкчы - Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз. Себеби бул элдин талабы, өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн маанилүү өбөлгөлөрдүн бири болуп эсептелет.

Ал эми ата мекендик темир жол тармагында дагы бир тарыхый барак ачып жаткан темир жол куруучуларга кажыбас кайрат, бекем ден соолук каалайм. Сиздер ары маанилүү, ары жоопкерчиликтүү долбоорду ишке ашыра баштадыңар, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм", - деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: