super.kg logo

Мамлекеттик катчы Швейцария элчиси менен кызматташуу тууралуу талкуулашты

 

Бүгүн, 31-мартта мамлекетттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасындагы Швейцария конфедерациясынын элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекеттик катчы швейцариялык элчини өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Швейцария Кыргызстан үчүн тышкы саясий жактан маанилүү өнөктөш экенин белгиледи.

Сүйүнбек Касмамбетов Швейцария өкмөтүнүн жаңы программасынын алкагында өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин ырастады.

Ал ошондой эле Швейцариянын элчисине мамлекеттик идеологияны өнүктүрүү жана улуттук биримдикти чыңдоо, Кыргыз мамлекетинин көп улуттуу элинин маданиятын, тилин, каада-салтын жана үрп-адатын сактоо жана жайылтуу чөйрөсүндөгү иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошону менен бирге Мамлекеттик катчы Швейцариялык элчиге "Кыргыз жараны" концепциясынын максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Оливье Бангертер Швейцария Кыргыз мамлекети менен достук мамилени жогору баалай турганын белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана демократиялык өнүгүүсүн колдоо максатында көп кырдуу кызматташууга анын өлкөсү кызыкдар экенин белгиледи.

Элчи көп улуттуу Швейцарияда улуттук идеология, биримдик жана жарандык иденттүүлүк маселелерине абдан чоң көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу элчи кыргыз бийлигинин бул багыттагы ишмердүүлүгүн кубаттады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: