super.kg logo

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадырга Эл акыны наамы тапшырылды

 
Төкмө акын Жеңишбек Жумакадырга Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, мааалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сыйлыкты мамлекеттик катчы Сүйүнтбек Касмамбетов тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземи Кыргыз улуттук “Манас” театрында өттү.
Эске сала кетчү нерсе, төкмө акын сыйлыкты жай айларында алган, бирок жеке иштери менен АКШда болгондугуна байланыштуу сыйлык тапшыруу аземине катыша алган эмес.
Белгилей кетсек, 31-августта президент Садыр Жапаров бир катар маданият өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу жарлыгына кол койду. Ага ылайык, 5 акынга Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы ыйгарылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: