super.kg logo

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы старт алды

 

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы старт алды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 31-мартта Кыргызстанда «Каражатыңды туура колдонуп, жаркын келечегиңе жол сал деген ураан менен Кыргызстандагы Глобалдуу акча жумалыгы старт алды. Ал республиканын бардык региондорунда 7-апрелге чейин өтөт.

Жума ичинде Улуттук банк, коммерциялык банктар, мамлекеттик мекемелер, ошондой эле коомдук жана эл аралык уюмдар, финансылык сабаттуулук боюнча бир катар жалпы билим берүү иш-чараларын өткөрүшөт. Бул- сүрөт тартуу сынагы, акча кутучасы сынагы, окутуу семинарлары, коммерциялык банктарга экскурсиялар, ачык эшик күндөрү жана балдар өзүн чыгармачылыгын жана билимдерин көрсөтө алышкан, интерактивдүү иш-чаралар. Сынакка катышкан мыкты эмгектер үчүн баалуу белектер берилет.

Глобалдуу акча жумалыгынын иш-чаралар күндөлүгү Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана finsabat.kg билим берүү сайтында жайгаштырылган.

Иш-чаралар жөнүндө маалыматты Глобалдуу акча жумалыгынын иш-чаралар күндөлүгүнөн таба аласыздар.

Маалымат үчүн:

Глобалдуу акча жумалыгы (англис тилинде Global Money Week (GMW)) – бул дүйнөнүн 170тен ашык өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлө турган, ошондой эле балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу аракеттерине өз салымын кошкон кеңири масштабдуу кампания. Кампаниянын түпкү максаты –балдарга жана жаштарга финансылык билим, тарбия алуу, алардын финансылык туруктуулугун жакшыртуу жана келечекте бакубаттуулугу үчүн акча топтоо маданиятын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берүү.

Глобалдуу акча жумалыгы дүйнө жүзүндө 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет. Учурда кампания 53 миллиондон ашык баланы жана жаштарды камтыйт.

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы 2015-жылдан бери өткөрүлө баштаган. 2022-жылы мурдагы жылдардай эле Улуттук банк Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгын өткөрүүнүн координатору болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: