super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Жалал-Абад шаарынын тургундары тазаланбаган таштанды тажатканын айтышат

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну кайрылды. Ал шаар бийлиги көчө боюна үйүлгөн таштандыларга көңүл бурбай, элдин ден соолугуна зыян келтирип жатат дейт.

“Жалал-Абад шаарындагы жол чырактын ордуна колдонулуучу “Ынтымак” шакекчесинде жана Октябрь көчөсүндө жол боюнда таштандылар сасып, үйүлүп турат. Октябрь көчөсү бул Жалал-Абад-Казарман-Балыкчы түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун башы болуп калат. Мына ушундай маанидеги жолдун боюнда таштандылар жөн эле үйүлүп көрктү бузуп, андан сырткары шаар тургундарынын ден соолугуна олуттуу зын келтирүүдө. Мэрия ушул баш аламан таштандыларды тартипке келтирип, атайын урналарды орнотсо жакшы болмок”, - дейт тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: