super.kg logo

Miss Supranational 2022 сынагына Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Ширин Алайчиева катышат (фото)

 

Польшада өтө турган “Miss Supranational 2022” сынагына Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Ширин Алайчиева катышат. Бул тууралуу улуттук сулуулар сынагынын дирекциясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын ноябрында "Мисс Кыргызстан-2021" сынагында Ширин Алайчиева "Кыргызстандын вице-мисси-2021" наамын жеңип алган.

Ширин Алайчиева Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Мектепти аяктагандан кийин Ошко көчүп келип, ОшМУга тапшырган. Учурда медицина факультетинде жалпы медицина адистиги боюнча билим алууда. Диплом алгандан кийин аспирантурага тапшырууну көздөйт.

Ал бала кезинен гимнастикага жакын болуп, профессионалдуу түрдө балет менен машыгып, Кыргызстандын атынан эл аралык балет сынактарына барган.

"Miss Supranational 2022" сулуулук сынагы август айында Польшада өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: