super.kg logo

Прокуратура: "Тоң районунда бала бакча мамлекетке кайтарылды"

 

Ысык-Көл облусунун прокуратура органдары тарабынан менчикке мыйзамсыз берилип кеткен социалдык объекттерди жана жер тилкелерди мамлекетке кайтаруу багытында иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2005-жылы аталган районго караштуу Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Дөң-Талаа айылындагы бала бакчанын имараты короо жайы менен бирге ошол эле айылдын тургуну К.С. аттуу жаранга мыйзамсыз менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.

Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 3 миллион 670 миң сомдук бала бакчынын имараты, короо жайы менен бирге мамлекетке кайтарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: