super.kg logo

Токмокто бала бакча муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди

 

Токмокто бала бакча шаардык муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун Токмок шаарынын №1 кичи районунда жайгашкан №24 бала бакча Токмок шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Чүй облусунун Токмок шаарынын тургундарын мектепке чейинки мекемелер менен камсыздоо максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясына №24 бала бакчанын имараттарын жана курулуштарын муниципалдык менчикке кабыл алып, кабыл алынган мүлктү максаттуу пайдалануу менен аны күтүү жана мындан ары тейлөө жагын камсыз кылуусу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: