super.kg logo

ТҮРКСОЙдун баш катчысы болуп дайындалган Султан Раев эмгек жамаатка тааныштырылды (фото)

 
ТҮРКСОЙдун баш катчысы болуп дайындалган Султан Раев эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Султан Раевди жамаатка тааныштырууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Дүйсен Касеинов жана эмгек жамаат катышкан.
"Жаңы кызмат ордуна бекиген башкы катчы Султан Раевге ишине ийгилик каалап, түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын жайылтууда жигердүү иш алып баруусун каалашты", - деп билдиришти Маданият министрлигинен.
Эске салсак, Султан Раев 31-март күнү Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кезексиз жыйынында бир добуштан колдоого алынып, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп бекиген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: