Министр Азамат Жаманкулов Түркиянын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту

Жолугушууда кыргыз- түрк кызматташтыгындагы маданий гуманитардык алакалар боюнча баарлашып, алдыда Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн.
"Азамат Жаманкулов кыргыз тарап көчмөндөр оюндарына чоң даярдыктар менен келе тургандыгын айтып, зарыл болгон учурда аталган оюндарды өткөрүүдө бар тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди", - деп билдиришти министрликтен.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.