super.kg logo

Акын Омор Султанов 86 жашында дүйнө салды

 

Кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, акын Омор Султанов 86 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстан жазуучулар союзунан маалымдашты.

Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында жарык дүйнөгө келген. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, эмгек жолун "Ала-Тоо" журналында баштаган.

2007-2009-жылдар аралыгында Кыргыз жазуучулар союзунун төрагасы болуп эмгектенген.

Акындын "Тоо күндөрү", "Жылдыздуу түндөр", "Ашуу төр" жана башка ыр жыйнактары, роман, повесттери коомчулукка кеңири тараган. Ал жазуучулуктан сырткары бир катар кыргыз тасмаларына сценарий жазуу менен да алектенген.

Омор Султанов адабиятка кошкон салымы үчүн "Эл акыны" ардак наамы, II жана III даражадагы "Манас" ордени сыяктуу бир катар наамдар менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: