Алмазбек Атамбаев: "Садыр Жапаров салыштырмалуу жакшы шарт түзүп берди"
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунан Садыр Жапаров салыштырмалуу жакшы шарт түзүп бергенин айтты.
"Садыр Жапаровдун түзүп берген абактагы шарт мурунку башчыныкына караганда алда канча жакшыраак. Бирок кандай шарт болгон күндө да түрмө деген түрмө", - деди Атамбаев.
Белгилей кетсек, Атамбаев "Батукаевдин кылмыш иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген. Алмазбек Атамбаев учурда №47 кармоо абагында жазасын өтөп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.