Бишкекте айрым көчөлөр оңдоп-түзөө үчүн убактылуу жабылды
Бишкек шаарындагы айрым көчөлөр оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, Сыдыков көчөсү, Турусбеков көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды. Унаа транспорттору альтернативдик жол аркылуу, тагыраагы Токтогул жана Киев көчөлөрүнөн жүрөт.
Ошондой эле Элебаев көчөсү, Толстой көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүнө унаа кыймылына чектөө киргизилди. Транспорт каражаттары үчүн алтернативдик жол Жукеев-Пудовкин жана Байтик баатыр көчөлөрү болмокчу.
Ошондой эле Шералиев көчөсү, Арча-Бешик конушунун түндүк тарабындагы №18 көчөгө чейинки бөлүгү жабылды. Унаалар альтернативдик жол Бах көчөсү аркылуу жүрөт.
Жолдорду оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен жасалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.