super.kg logo

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу токтотулат

 

Эртең, 5-апрелде борбор калаанын айрым райондорунда суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт. Анда Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская, Ала-Арча дарыясы, Жибек-Жолу, Жаш Гвардия, ЧЧК, Саадаев көчөлөрү менен чектелген аймактарда суу өчүрүлөт. Турак жай имараттары, мектептер, мектепке чейинки балдар мекемелери, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык объектилер, өнөр жай ишканалары суусуз калат.

Ошондой эле “Красный строитель”, “Ак-Тилек”, “Көлмө”, “Алтын бешик”, “Салам Алик” конуштарында дагы суу өчүрүлөт.

Бул «Северный» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: