super.kg logo

Дубалы урап түшкөн көп кабаттуу имаратты курган компаниянын иши боюнча текшерүү аягына чыкты

 

Буга чейин Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы урап, жанындагы турак үйдү басып калганы маалымдалган. Кырсыкка байланыштуу Ахитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тез арада жумушчу комиссиясын түзгөн. Бүгүн, 4-апрелге карата кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы чыкты.

"Ага ылайык, атайын жабышчаак курамдын ордуна цемент-кум эритмеси, ичке арматура колдонулганы, курулуш материалдарынын кулап кетүүсүнөн коргоочу торлор орнотулбаганы анык болгон. Ошондой эле бригадирди алмаштырууда (А. Ибраевдин ордуна М.Жолдошев дайындалган) объектти кабыл алуу жана өткөрүп берүү менен техникалык абалы боюнча акт түзүлбөй калган. Куруучулар колдонулган курулуш материалдарына, анын ичинде пенобетон блокторуна шайкештик сертификаттарын көрсөткөн эмес.

Архитектура-курулуш көзөмөл бөлүмү тарабынан өз алдынча тургузулган дубалдарды орнотуу боюнча курулуш иштеринин талаптарга ылайык келишине баа берүү боюнча өз убагында чара көрүлгөн эмес, башкармалыктын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө башкармалыктын жетекчилиги тарабынан көзөмөл болгон эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча комиссия "КG Восток Сервис" ЖЧКсынын лицензиясын убактылуу токтотууну сунушталды. Мындан тышкары бул объектини текшерген кызматкердин жоопкерчилигин карайт.

Комиссия ошондой эле бул объектти түз текшерген мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн кызматкерлеринин жоопкерчилигин карайт", - дешет агенттиктен.

Эске салсак, 27-мартка караган түнү Жаш Гвардия бульварындагы көп кабаттуу имараттын дубалы урап, жанындагы турак үйдү басып калган. Көп кабаттуу имараттын жанындагы 2 кабаттуу турак үйдүн жашоочулары окуянын чоо-жайын айтышып, коопсуздукту ким көзөмөлдөйт деп кайрылышкан.

Кийинчерээк Бишкек шаардык мэриясынан компания жабыркагандарды турак жай менен камсыз кылууга даяр экенин кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: