super.kg logo

"Кумтөр" кени Кыргызстанга кандай шартта өттү? Президент жооп берет

 


Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде "Кумтөр" алтын кени толук түрдө Кыргызстанга өткөнүн жарыялады. Анда канадалык компания менен макулдашылган келишимде төмөнкү жол-жоболор бар экенин белгиледи.

* "Кумтөр" компаниясынын 100 пайыз акциясына Кыргызстан ээлик кылат;

* "Centerra Gold" "Кыргыз алтын" ишканасы 2021-жылы албаган дивиденддин таза суммасына барабар акчаны (11 миллион доллар) жана башка финансылык компенсацияларды Кыргыз өлкөсүнө төлөйт;

* 2021-жылдын май айында кенге тышкы башкаруу киргизилди. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык пайда Кыргызстанга таандык – бул 323 миллион доллардан ашык;

* "Центерра" кыргыз тарапка бир жолку төлөнүүчү 50 миллион доллар төлөмдү төлөйт;

* "Кумтөр" кенин рекультивациялоо фондуна 53 миллион доллар өлчөмүндөгү көзөмөл Кыргыз Республикасына кайтарылып берилет;

* "Центерра" 2021-жылдын май айында алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 миллион долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты;

* Компания коюлган бардык талаптарды алып, АКШда, Швецияда, Канадада Кыргызстанга каршы соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды толук жана биротоло токтотмой болду;

* "Кыргыз алтын" ишканасы "Центеррага" 26 пайыз үлүшүн өткөрөт;

* Кыргызстан дагы канадалык компанияга каршы дооматтарды токтотот.

Президент мындай келишимге жетишүү 1 жылдай убакытты алганын, оңой-олтоң иш болбогонун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: