super.kg logo

"Кумтөр" боюнча келишимге кол коюу иш-чарасынан сүрөттөр

 
Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз элине, дүйнө коомчулугуна көгүлтүр экран аркылуу "Кумтөр" алтын кени боюнча глобалдык келишим түзүлгөнүн жарыялады.
Президенттик администрациядан билдиришкендей, министрлер кабинети менен "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосунда "Кумтөр Голд Компани" ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлду. Түзүлгөн келишимге ылайык, министрлер кабинети "Кумтөр" кенин толук башкаруу жана ээлик кылуу укугуна ээ болду.
Президент элге кайрылуусунда келишимди "тарыхый бурулуш" деп атады. Келишимде министрлер кабинети, "Центерра" жана "Центерранын" негизги акционери болуп саналган "Кыргыз алтын" ишканасынын ортосундагы бардык талаш-тартыштарды так бөлүштүрүү жана чечүү каралган.
Жетишилген келишим башка нерселер менен катар төмөнкү пункттарды камтыйт:
• Кыргыз Республикасы жана "Кыргыз алтын" ишканасы "Кумтөр" кени үчүн толук жоопкерчиликти алат жана 2021-жылдын 15-майынан кийин кенден алынган кирешени өзүндө калтырат;
• "Центерра" Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын сактоо жана коргоо үчүн 50 миллион доллар төлөйт;
• "Центерра" "Кыргыз алтынга" 11,1 миллион доллар өлчөмүндө кошумча акчалай төлөм жүргүзөт;
• Мындан тышкары рекультивациялоо фондуна 53 миллион доллар өлчөмүндөгү көзөмөл Кыргызстанга кайтарылып берилет;
• "Кыргыз алтын" менен "Центерра" акцияларын алмаштырса, "Кыргыз алтын" "Центеррадагы" акцияларын кайтарып, "Кумтөдүн" 100 пайыз акциясын алат.
• Келишим ошондой эле тараптардын өз ара талаптарын толугу менен жана биротоло алып салууну, жоопкерчиликти тааныбастан бардык юрисдикцияларда тараптардын катышуусундагы бардык соттук териштирүүнү токтотууну карайт.
• Келишим министрлер кабинети жана Жогорку Кеңеш тарабынан алдын ала жактырылган. Министрлер кабинети, "Центерра" жана "Кыргыз алтын" ишканасы келишимге кол коюлгандан кийин 90 күндөн кечиктирбестен жабылат деп күтүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: