super.kg logo

Башкы прокуратура: "Ысык-Көлдө 17,6 миллион сомду түзгөн айдоо жер аянттары мамлекетке кайтарылды"

 

Ысык-Көлдө 17,6 миллион сомду түзгөн айдоо жер аянттары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Түп райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жана мыйзамсыз ээлеп алып пайдаланып келишкен айыл чарба жерлерин мамлекетке кайтаруу иш аракеттери жүргүзүлүүдө.

Текшерүүдө Түп райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдору менен 3 дыйкан чарбасына жалпы 49,8 гектар айдоо жер аянттары мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Айдоо жер аянттарын мамлекетке кайтаруу үчүн райондук прокуратура тарабынан сотко келтирилген доо арыздар толугу менен канааттандырылган.

Айыл өкмөт башчысына келтирилген прокурордук талаптын негизинде 17 миллион 688 миң сомго бааланган 49,8 гектар айдоо жер аянттары мамлекетке кайтарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: